Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/12/2019
  • Просмотров: 1245
24-декабрдан тартып айдоочулук күбөлүктөрдү берүү Ауэзов көч., 1/5 дареги боюнча жүзөгө ашырылат

 

         «Унаа» ММсына кайрылуулардын ири агымын көңүлгө алуу менен, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максаттарында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн Ауэзов көч., 1/5 дарегинде жайгашкан КТБ-4түн имаратына, 1-кабатка убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынды.

         Документтерди кабыл алуу жана тариздетүү «Унаа» бөлүмүндө: Лебединовка а., Жеңиш пр.,  121«Б» дареги боюнча жүргүзүлөт.

         9-декабрдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө анкета арыздарды кабыл алуу башталды. Даярдоо мөөнөтү, документтерди кабыл алуу күнүн эсепке албастан 4 жумуш күндү түзөт. Документтин даяр болгондугу тууралуу арыз берүүчү мобилдик номерине смс-билдирүү алат.

         Бардык мүмкүн болгон маселелер боюнча (312) 62-41-40 телефону боюнча  кайрылууңуздарды сунуштайбыз.

Өнөктөштөр