Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 499-р буйругунун негизинде 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылгандыгын билдирет.
Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.
Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М. Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда колдонуудагы (Эски үлгүдөгү) айдоочулук күбөлүк мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болоорун баса белгилеп, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлө тургандыгын билдиребиз. Аталган дарек боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү берүү 28,29 декабрда (ишемби, жекшемби) саат 9:00 - 17:00 жүргүзүлөт.