Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/01/2020
  • Просмотров: 62
2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, 2020 -жылга карата транспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо колдонулулуучу 5% жана 0,3% жаңы тарифтик торчо күчүнө кирди.

Транспорт каражатын биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5% түзсө, кайра каттоодо 03% көрсөткүчтү түзөт. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы №302 токтомунун негизинде, кайра каттоодо алынуучу жыйым 1% көрсөткүчтөн 0,3% төмөндөгөн.

Транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу акыркы жылдары болжол менен бир деңгээлде калып, жыйымдардын наркынын өсүү тенденциясы жок. 2020 - жылга карата бекитилген жаңы тарифтик торчодо транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо жыйымдардын наркы 2019-жылдын деңгээлинде калды.

Мамлекеттик каттоо кызматы унаа ээлерин, транспорт каражаттарын сатып алуу жана сатууда милдеттүү түрдө бүтүмдү Кызматтын алдындагы Унаа мамлекетик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат. Бүтүмдү  мамлекеттик каттоо менен, унаа каражатына ишеним каттын негизинде ээлик кылуунун айынан келип чыгуучу ар кандай жагдайлардан арыласыз. 

2020-жылга тарифтик торчо: https://grs.gov.kg/kg/subord/drtsvs/tarifnaya-setka/- баскычында жайгашкан.

 

 

 

Өнөктөштөр