Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/01/2020
  • Просмотров: 1185

2020-жылдын 16-январында Коомдук кеңештин «Инфоком» МИнин жетекчилиги менен биргелешкен отуруму өткөрүлдү, анда мамлекеттик кызмат көрсөүүлөрдүн жана Кеңештин сунуштарын аткаруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

«Инфоком» МИсинин директору Р.Осмоналиев ККнын мүчөлөрүнө бүгүнкү күндө өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мында 62 IT-долбоор ишке ашырылып жаткандыгы, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук паспортторду, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүү жүргүзүлөөрү айтылды.

Бүткүл республика боюнча 20 ири Калкты тейлөө борборлору, ошондой эле борбор калаадагы 3 мини КТБ ачылган. «Инфоком» МИге караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору тарабынан акыркы үч жыл ичинде 3 миллиондон ашуун паспорт даярдалган.

2019-жыл ичинде Мамлекеттик номер белгилерин даярдоо борбор тарабынан 412 миң мамлекеттик номер белгилери даярдалган, Телефондук тейлөө борбору 2015-жылдан тартып 906 миң телефон чалуулар кабыл алынган.

Жакынкы мезгилдерге карата планда:

- дагы 5 КТБны Лейлек, Кочкор, Сузак, Панфилов жана Жети-Өгүз райондорунда ачуу; 

- «Санарип Аймакты» - 453 жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтырууга мүмкүндүк бере турган маалыматтык платформаны иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;

- МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемесин ишке киргизүү;

- смарт - айди «Санарип ID» – булут электрондук колтамганын жардамы менен инсанды идентификациялоо тутуму электрондук тиркемесин ишке киргизүү.

- республика боюнча мини КТБларды ачуу.

«Инфоком» МИнин жетекчиси өзүнчө бөлүп төмөнкү маселелердеги Коомдук Кеңештинг иш алып баруусунун натыйжалуулугун жана принципиалдуулугун белгилеп кетти, алар:

- КТБлардын имараттарынын жана ишкананын кеңсесинин ижара акысынын төмөндөөсү;

- КТБларга келүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө кам көрүү;

- жарандарды КТБлардын имараттарына карата максималдуу аймактык жана транспорт жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо;

- МККнын каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу;

- мамсатып алуулар боюнча объективдүү тендерлерди уюштуруу жана өткөрүү;

Түзүлүш, финансы көрсөткүчтөрү, статистика жана ККнын Сунуштарын аткаруу тууралуу отчет менен «Инфоком» МИнин директорунун орун басары А. Мамбеталиев бет ачар аркылуу сүрөттөп маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар туруктуу негизде жолугушуп, проблемалуу маселелерди талкуулап жана аларды жыйынтыктуу чечүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.

Өнөктөштөр