Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/03/2020
  • Просмотров: 1447
2019-жылда төрөлүүнү каттоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасындагы 2019-жылдагы төрөлүүнү каттоо боюнча төмөндөгү маалыматты билдирет.

2019-жылы ЖААК органдары тарабынан 173,5 миң ымыркайлардын төрөлүшү катталса, алардын 48,8% кыздар, 51,2% эркек балдар. 2018-жылга (171149)  салыштырмалуу бул көрсөткүч 2351ге көп.

 

Төрөлүүнү каттоо көп болгон Ош областында 48952, Жалал-Абад областында бул көрсөткүч  32272 болду.

Бишкек шаарында 29630 ымыркайдын төрөлүүсү катталган.

Төрөлгөндөрдн санын каттоодо аз Талас жана Нарын областарында, Талас областында 6009 болсо, Нарын областында  6039 төрөлүү катталган.

Алыскы чет өлкөлөрдө төрөлгөн кыргызстандыктарды каттоодогу көрсөткүчтөрдү алып карасак, Турция-54, Түштүк Корея-52. АКШ, Канада, Швейцарияда жана Сауд Арабиясында төрөлгөндөрдү каттоолор 30дан ашык.

2019-жылы балдарга ат коюуда көп коюлган ысымдар өткөн жылдардагыдай эле Умар жана Раяна болду. Алдыңкы беш көп коюлган ысымдар эркек балдар арасында Алинур, Алихан, Нурислам жана Али. Ал эми кыздар ысымдары Раяна, Амина, Алия Фатима жана Айлин.

Эркек балдарга сейрек коюлган ысымдар  Айюб, Абу Бакр, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чынгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих

Ал эми кыздар ысымдары Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү да бул жылы бирден гана кызга ыйгарылды.

Өнөктөштөр