Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/02/2020
  • Просмотров: 1113
Мамкаттоо АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен кезектеги жумушчу жолугушууcун өткөрдү

21-февралда АКШ элчиси Дональд Лу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасында болуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтары, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, Кыргызстандын жарандарын идентификациялоо жана паспорт алуу процесстерин менен таанышты.

Жолугушууга АКШ Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд Лу, Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Консулу Алисса Мари Бибб, АКШ Элчилигинин саясый маселелер боюнча Кеңешчиси Бенджамин Уиллиамс, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, «Инфоком»  маамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев, орун басары Асель Кененбаева, ошондой эле ишкананын кызматкерлери катышышты.

Калкты тейлөө борборунда Дональд Луга  мамлекеттик кызматты инновациялык технологияларды колдонуу менен практикалык түрдө көрсөтүлдү.

АКШ Элчиси Кыргызстандагы калкты каттоо жана документтештирүү жаатында аткарылган иштердин ийгиликтүүлүгүн баса белгилеп, бул багытта кызматташууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле, жарандарды паспорттоштуруу процессинде негизги критерийи PKI системасы (ачык ачкычтардын инфраструктурасы) болгон мамлекеттер менен чек араларды ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экендигин билдирди.

Элчи Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан электрондук жалпы жарандык паспортторду киргизүүгө жабдыктар, дизайн жана системалар даяр экендиги тууралуу маалыматты жакшы кабыл алды.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жакынкы убакытта мамлекеттик сатып алуулар порталында паспорттун бланктарын сатып алуу боюнча конкурс жарыяларын билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылкы үлгүдөгү биометрикалык паспортто PKI  системасы каралган, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортту киргизүүгө Кыргызстан даяр.

 

Өнөктөштөр