Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/04/2020
  • Просмотров: 1350
Апрель айында, МКК алдындагы Кыргыз  почтасы Мамлекеттик  ишканасы пенсияларды жана жөлөкпулдарды эртерээк жеткирет
Апрель айында, МКК алдындагы Кыргыз  почтасы Мамлекеттик  ишканасы пенсияларды жана жөлөкпулдарды эртерээк жеткирет
9-апрелде республика боюнча почта бөлүмдөрү  ачылат. Ошол эле күнү почта кызматкерлери алуучуларга пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткире башташат.
COVID-19нын алдын алуу жана профилактика жүргүзүү максатында МККнын алдындагы   Кыргыз почтасы Мамлекеттик ишканасы бардык почта,  өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана камсыздандыруу бөлүмдөрүн, ошондой эле унааларды дезинфекциялады.
Эң баалуу ресурс – бул, ден-соолугун тобокелге салып, калк үчүн талыкпай эмгектенген кызматкерлер. Ошондуктан, алгач кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жеке коргонуу шаймандары сатылып алынды:
Атайын кийим – 1 800 даана.
Коргоочу (көп колдонулуучу) маскалар – 10 000 даана.
Медициналык кол каптар – 8 000 даана.
Антисептиктер – 920 литр.
Урматтуу жарандар, Кыргыз почтасы ишканасы сиздерден үйдө болууну суранат, почта кызматкерлери ар бир алуучуга пенсиясын же жөлөкпулун үйүнө жеткирип беришет.
Керек болсо, почта кызматкерлери дем алыш күндөрү да социалдык жөлөкпулдарды жеткирип берүүнү улантат.

Өнөктөштөр