Кээ бир аймактарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарбынан аныкталып, өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү / тармактары автоунааларды каттоодо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү убактылуу токтотушкан, буга байланыштуу жарандарга жана юридикалык жактарга берилген автоунааларга ээлик кылуу жана айдоо укугу көрсөтүлгөн ишеним каттын мөөнөтүнүн аяктоосуна алып келген.
Буга байланыштуу, МКК Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 209-беренесинин 5-бөлүмүндө көрсөтүлгөн «эгерде мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туш келсе, анда мөөнөт аяктаган күн катары андан кийинки жакынкы иш күнү эсептелинет» ошондуктан, өзгөчө абал учурунда унаа каражаттарына ишеним каттын мөөнөтү өткөн жарандар жана юридикалык жактар, транспорт каражаттарын, өзгөчө абал жоюлгандан кийинки «Унаа» маамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнүн / секторлорунун биринчи иш күнүндө каттата алышат.