Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/04/2020
  • Просмотров: 1855
12 жашка чейинки балдар арасында "Согуш жана Жеңиш жөнүндө" сүрөт жана көркөм окуу боюнча видео конкурсун жарыялайт.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 12 жашка чейинки балдар арасында "Согуш жана Жеңиш жөнүндө" сүрөт жана көркөм окуу боюнча видео конкурсун жарыялайт.
Катышуу үчүн:
- сүрөт тартуу же көркөм окуу боюнча видео даярдоо;
- социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жазылуу (Facebook - @ Мамлекеттик каттоо кызматы, инстаграмдагы @grs_kg, twitter @srs_gov);
- Социалдык тармактарга жүктөп, катышуучунун аты-жөнүн, жашын жана мектебин көрсөтүңүз;
- Мамлекттик каттоо кызматын белгилеңиз;
- Жактыргандардын максималдуу санын чогултуу.
- #Жеңишбалдары хештегин коюңуз.
Конкурс 11-майда жыйынтыкталат. Добуш берүү 29-апрелде саат 18:00 дөн 10-майга чейин 18:00 өткөрүлөт. Эң таланттуу окурмандарды жана сүрөтчүлөрдү белектер күтөт. Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий баракчаларында жарыяланат.
Видеоматериалды даярдоо үчүн, Мамлекттик каттоо кызматынын порталындагы архивдик фронттон келген каттарды www.pobeda.srs.kg колдонсоңуз болот. 
Кыргызстандын Интернет мейкиндигинде www.pobeda.srs.kg мындай ресурстардын биринчиси. Портал Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилине тиешелүү документтердин электрондук архиви менен уникалдуу болуп саналат.
Порталдын базасында Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилиндеги 140 миңден ашык кыргызстандыктар  жөнүндө маалыматтар, китептер, Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы жөнүндө архивдик маалыматтар  камтылган. 
Порталдын эң маанилүүгү согуш жылдарында каза болгон жана дайынсыз жоголгон жоокерлердин электрондук маалымат базасы жана Кыргызстандын аймагынан согушка чакырылган Экинчи Дүйнөлүк Согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматты издөө жана табуу болуп эсептелет.

Өнөктөштөр