Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/05/2020
  • Просмотров: 1071

транспорт каражатынын электрондук паспортунан алынган көчүрмөсүменен Кыргыз Республикасына алып келинген транспорт каражаттарын каттоо

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы                № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун максаты жана милдеттери Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун), өзү жүрүүчү технологиялык машинанын жана башка техниканын түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ылайык келтирүү болуп саналат.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечими менен бекитилген Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорттору), өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын жана башка техниканын түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларын иштетүү тартибинин 9-пунктуна ылайык электрондук паспорттор системасынын алкагында электрондук паспорт таризделип бүткөндөн кийин транспорт каражатынын (шассинин, машинанын) менчик ээсине электрондук паспорттон көчүрмө түрүндө 1 жана 2-тиркемелерге ылайык тизмектер боюнча маалыматтар жиберилет жана аталган көчүрмөнү кийин басып чыгарууга болот.

2020-жылдын башынан тартып транспорт каражатынын электрондук паспортунан алынган көчүрмө менен Кыргыз Республикасына алып келинген транспорт каражаттарын каттоо үчүн кайрылган Евразия экономикалык бирлигинин жарандарынын агымы көбөйдү.

Ушуга байланыштуу токтомдун долбоору менен транспорт каражатынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспортунан) көчүрмөсү менен транспорт каражаттарын каттоону жѳнгѳ салуучу ченемдер сунушталып жатат.

 

Өнөктөштөр