Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/05/2020
  • Просмотров: 1361
Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп, Кыргызстанда мамлекеттик кызматтардын уникалдуу мобилдик тиркемелери иштелип чыкты

Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп, Кыргызстанда мамлекеттик кызматтардын уникалдуу мобилдик тиркемелери иштелип чыкты

26-май 2020-жыл, Бишкек шаары, Мамлекеттик каттоо кызматынын Компетенция борборунда Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирге «iGov», «Sanarip ID», санарип айдоочулук күбөлүгүнүн жана булут электрондук санарип кол тамгасынын бет ачарын өткөрүштү.

Жаңы продукцияларды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун «Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгынын, ошондой эле «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

МТБМКнын төрагасы Догоев Дастан өз сөзүндө,  «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясынын алкагында үч стратегиялык максат коюлгандыгын белгилеп: « Биринчиси, санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү, жарандардын санариптик технологияларды колдонуу үчүн бардык зарыл болгон билимдерге ээ болуусу. Экинчиси, сапаттуу жана ыкчам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Биз кызмат көрсөтүүнүн жарандардын жана бизнестин талаптарынан ылайыкташтыруубуз керек.  Үчүнчүсү, санариптик технологияларды колдонуу менен туруктуу мамлекеттик башкаруу тутумун жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу» -экендигин белгиледи.

Мобилдик тиркемелер жана кызматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын IT-адистери тарабынан иштелип чыккан. Тиркемелер Android жана iOS операциялык тутумдарынын негизиндеги телефондор үчүн түзүлгөн.

 «iGov» жана «Sanarip ID» жардамы менен, кыргызстандыктар электрондук цифралык кол тамга менен өздүгүн тастыктап, мамлекеттик кызмат алуу менен, үйдөн чыкпай туруп, мектепке жана ооруканага электрондук кезекке тура алышат. Мындан тышкары, банктык жана электрондук капчык кызматтарында  колдонсо болот. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өз смартфонунан санариптик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтө алышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында: «iGov» - мобилдик тиркемеси Борбордук Азия чөлкөмүндө, мамлекеттик органдын эң биринчи жана уникалдуу мобилдик тиркемеси».

Бул система мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, ал эми келечекте жеке банктык кызматтарды электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берет. Жарандар өзүлөрүнүн өтүнүчтөрүнүн тарыхына кире алышат жана тандалган кызматтарга жана кызмат көрсөүүлөргө тез жетүү мүмкүнчүлүк ачылат. Ошондой эле, тиркемеде бардык кызматтардын жана окуялардын абалы жөнүндө кабарлоо функциясы билдирүүлөрдү алып турушат.

 «iGov» системасы электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы; шайлоочунун жеке кабинети; мектепке / ооруканага электрондук кабыл алуу; жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуулары системалары өз ичине камтыса, «Sanarip ID» аркылуу жарандардын өздүгү ишенимдүү аныкталып, системанын электрондук ачкычы болуп кызмат кылат.  

Смартфондогу санариптик айдоочулук күбөлүк пластикалык айдоочулук күбөлүккө окшош, бирок уникалдуу QR коду менен, анын активдүү иштөө мөөнөтү 3 мүнөт. Бул айдоочуну аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерине сунуштоо үчүн керек, алар атайын техникалык шаймандар (планшеттер) аркылуу керектүү маалыматтарды текшере алышат.

Мобилдик тиркемелердеги бардык кызматтар коопсуз каналдар аркылуу жеке идентификациялоонун эсебинен «булут» авторизациясы аркылуу жеткиликтүү. Жарандар үчүн эң негизги артыкчылык электрондук кызматтарды алууда өзүн аныктоонун ишенимдүү жолу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, «iGov» жана «Sanarip ID» тиркемелери пикирлерди эске алуу үчүн сыноо режиминде ишке киргизилген. Каалоочуларды жаңы продукцияны сыноого катышууга чакырабыз. Жалпы колдонууга берүү үчүн тиркемлерди өркүндөтүү боюнча сунуштарыңызды конструктивдүү карап чыгууга даярдыгыбызды билдиребиз. Ачык бета версиядагы шилтемелерди колдонуп, жаңы колдонмолорду жүктөп алып, байкап көрүңүз.

  

Өнөктөштөр