Жарыяланган 04/06/2020
COVID-19 коронавирустук инфекцияны жуктурууну жана жайылышын алдын алуу максатында 2020-жылдын 3-июнунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 200 жуп медициналык кол кап, 1310 бет кап түрүндө жардам көрсөттү.
Бул каражаттар Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнө (Почта, Унаа, Инфоком, Архив жана КЖААКД) калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү учурунда кызматкерлер тарабынан колдонуу үчүн өткөрүп берилет.
Коронавирустук инфекция боюнча пандемия шарттарында жарандарды кабыл алуу жайларында санитардык ченемдерди сактоо боюнча Кызмат тарабынан бардык тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
Кызмат ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.