Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/06/2020
  • Просмотров: 1062
Үч миңден ашык жарандарга, үйлөрүнөн чыкпастан акысыз паспорт берилди.

Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам катары үч миңден ашык жарандарга, үйлөрүнөн чыкпастан акысыз паспорт берилди.

Кайрылгандан кийин бир нече сааттан өтпөй кыймыл-таяныч функциясы бузулган арабадагы майыптын үйүнө Калкты тейлөө борборунун мобилдүү көчмө тобу чыкты.

Айылчиев Максатбек 39 жашта, 2010-жылдан бери Бишкекте ижарага алып батирде жашайт, биринчи топтун майыбы.

Көчмө топтун операторлору жеринде сүрөткө тартып,  ID-картты акысыз алууга документтерди тариздешти. 12 иш күндөн кийин даяр паспортту Максатбекке, үйүнө алып келип беришет.

110 жаштагы Урбү Боромбаева дагы паспортко документтерди өзүнүн үйүндө тариздеди,  КТБнын мобилдүү көчмө тобу ага жоголгон паспортунун ордуна кайра паспорт алууга жардам берди. Ал үч уулдун жана бир кыздын энеси, 100дөн ашык небере-чөбөрөнүн чоң энеси. 73 жаштагы кичүү уулу менен бирге жашайт.

Мобилдүү топтор борбору калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн 2016-жылдан тартып Бишкек жана Ош шаарлары боюнча гана иштешти.

Каттоо документтер менен фотосүрөттөрдү кабыл алуу жана тариздөө үчүн бардык тийиштүү техникалык шаймандар менен жабдылган атайын микроавтобустар 2018-жылдан тартып бүт республика боюнча чыгып иштеп жатышат.

4 жылдын ичинде 3 миңден ашык социалдык жактан аярлуу жарандар үйлөрүнөн чыкпастан акысыз паспорт алышты.

Ушул жылы бул категория боюнча 114 мобилдүү каттам болгон, алардын ичинен 61и ДМЧА, УАСтун ардагерлерине, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн жашоочуларына, 53ү соттолгон жана камактагы адамдарга.

Өнөктөштөр