Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/06/2020
  • Просмотров: 1105
АвтоКТБ иштерин улантууда.

“2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы
деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Републикасынын Президентинин
Жарлыгын аткаруу максатында Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек
шаарында жана республиканын региондорунда Транспорт каражаттарын
жана айдоочулук курамды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун ачуу
(АвтоКТБ) иштерин улантууда.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча калкты
тейлөө борборлорун (АвтоКТБ) оптималдаштыруу, багытын өзгөртүү жана
ачуу боюнча бекитилген иш-чаралар планына ылайык биринчи этап менен
2020-жылы Бишкек шаарында жаңы АвтоКТБны ишке киргизүү каралууда.
Бул багытта, мурда билдирилгендей 2020-жылдын 7-майында “Унаа”
мамлекеттик мекемеси тарабынан Борборду жайгаштыруу үчүн Бишкек
шаарында 1300 м 2 жакын аянты, тийиштүү токтотмо аймагы менен имаратты
ижарага алуу кызматтарына тендер жарыяланган. 2020-жылдын 27-майында
конкурстук табыштамаларды ачуу жүргүзүлгөн жана бүгүнкү күндө
мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык
конкурстук тооруктун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча иштер аткарылууда.
“Унаа” ММдин ишинин форматын АвтоКТБлардын моделине карата
өзгөртүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер “Унаа” ММдин ишин
оптималдаштырууга жана жакшыртууга негизделип, калкка берилүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жогорулатууга
багытталган.
АвтоКТБларды ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин
алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан АвтоКТБлар жөнүндө
жобо иштелип чыгып, бекитилди жана тийиштүү иш регламенттери
иштелүүдө. АвтоКТБлар өзүнүн концепциясы боюнча азыркы иштеп жаткан
КТБлардын принциби менен иштейт жана айдоочулук күбөлүктү алуу,
автотранспорт каражатын каттоо жана кайра каттоо үчүн тийиштүү бардык
этаптарды бир комплекстин чегинде бириктирүүгө үндөлгөн. Ушул эле
учурда калкка бул кызматтарды көрсөтүү убактысы бир кыйла кыскарат.
Ошондой эле бекитилген планга ылайык АвтоКТБларды ачуу республиканын
региондорунда да пландалган. Бул багыттагы иштер “Унаа” ММдин
балансында турган, колдонуудагы имараттарынын багытын өзгөртүү жана
модернизациялоо аркылуу жүргүзүлөт. Мындай модель боюнча орто
мөөнөттүү келечекте АвтоКТБларды Ош шаарында, Чүй облусунун Жайыл
районунда жана Талас шаарында ачуу пландалган.

Өнөктөштөр