Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 25/06/2020
  • Просмотров: 223

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы      № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине ылайык транспорт каражаттарын бардык каттоо иш-аракеттери менчик ээлери жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен түздөн-түз жүргүзүлөт.

Бирок акыркы жылдарда каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө айрым адамдар тарабынан келүүчүлөрдөн акчалай акы алуу үчүн мыйзамсыз ортомчулук кылган “экспресс кызмат көрсөтүү”  практикасы байкалууда.

Ушуга байланыштуу, ачык-айкындуулукту жана мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыздоо, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу максатында МКК алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2020-жылдын 23-июнунда буйрук кабыл алынды, ага ылайык  сатып алуу-сатуу келишиминде катышпаган адамдардан, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгон жарандарды кошпогондо, транспорт каражаттарын каттоого документтерди кабыл алууга тыюу салынды жана “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине транспорт каражаттарын каттоо жол-жоболорун түздөн-түз менчик ээси жана/же мыйзамдуу өкүлү менен жүргүзүүгө талап коюлду.

Өнөктөштөр