Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/07/2020
  • Просмотров: 1221
мобилдик тиркемени (“KGZ eID NFC Reader”) жаңыртты.

МКК “Инфоком” МИ тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын
жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталары -
паспортторунун чиптеринен​​ ачык маалыматтарды окуу үчүн буга чейин
ишке киргизилген мобилдик тиркемени (“KGZ eID NFC Reader”) жаңыртты.
2017-жылдын үлгүсүндөгү ID карталарынын функционалдык
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “eID окугуч” жаңыланган мобилдик
тиркемеси идентификациялык карталардын чибинде камтылган
маалыматтарды, анын ичинде жеке маалыматтарды, ошондой эле жашаган
жери жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндө өзгөрүлүүчү маалыматтарды
(идентификациялык картанын чибинде гана камтылган) мобилдик түзмөктүн
NFC модулу аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет.
Идентификациялык картанын чибиндеги маалыматты алуу (окуу) үчүн Play
Marketтен “eID окугуч” тиркемесин жүктөп алуу керек.
еID окугучтун жаңы версиясында мобилдик тиркемени колдонуунун сапатын
жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн интерфейстин дизайны кайра
каралган жана иштөө ылдамдыгы оптималдаштырылган.
Окууга мүмкүн болгон маалыматтардын тизмеси:
- Фамилиясы
- Аты
- Атасынын аты (бар болсо)
- Туулган датасы
- Идентификациялык жеке номер (ИЖН)
- Улуту
- Үй-бүлөлүк статусу
- Документтин номери
- Документтин жарактуулук мөөнөтү
- Документти берген орган
- Каттоо дареги
- Сертификаттардын жарактуулук мөөнөтү
Маалыматтарды окуу үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык
картанын чибинен жашыруун 4 орундуу кодду (пин-код) киргизип, NFC
модулу менен мобилдик түзмөктүн арткы бөлүгүнө тиркөө зарыл.

Өнөктөштөр