Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 27/07/2020
  • Просмотров: 1108
Бүгүн, 2020-жылдын 27-июлунда, КР МККнын төрагасы А. Мамбеталиев жана анын орун басары Т. Джембаев  "АвтоЦОН" ремонттук иштерин текшеришти

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик каттоо Кызматы тарабынан аймактарда жана Бишкек шаарынын аймагында транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун («Авто ЦОН») ачуу иштери уланууда. 
Бүгүн 27 июлда, Кызматтын төрагасы А. Мамбеталиев, орун басары Т.Джеембаев Бишкек шаарында ачылууга даярдалып жаткан «Авто ЦОНдун» ремонттук иштердин жүрүшү менен таанышышты.
«Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Ч. Валиханов 2.  дарегинде жайгашкан «Восточный Авто ЦОН», бөлүмү өз ишинин жаңы форматты эске алуу менен ачууга даярдалып жатат.

МКК жетекчисинин айтымында, бул реформа «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишин оптимизациялоого жана өркүндөтүүгө багытталган жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын андан ары өркүндөтүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, аталган «АвтоЦОН» учурдагы иштеп жаткан КТБ концепциясы боюнча, иштеп баштайт, айдоочулук күбөлүктү алуу жана каттоо, автоунааларды кайра каттоо үчүн зарыл болгон бардык этаптарды бир комплексте бириктирүүгө багытталган, ошол эле учурда калкка ушул кызматтарды көрсөтүү убактысы кыйла кыскарат.

Бекитилген планга ылайык, республиканын аймактарында «АвтоЦОН» ачуу пландаштырылууда. Бул багыттагы иштер «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин балансында турган иштеп жаткан имараттарды кайрадан профилдөө жана модернизациялоо жолу менен жүргүзүлөт

Өнөктөштөр