Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 27/07/2020
  • Просмотров: 1114

COVID-19 Пандемиясына байланыштуу түзүлгөн оор жагдайга карабастан почта кызматчылары өз ишин так аткарышууда

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү жана төлөө, гезит-журналдарга жазылуу, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында каттарды жеткирүү бардык алдын алуу чараларын эске алуу менен улантылууда.
Күн сайын почта кызматкерлери миңдеген почта жөнөтмөлөрүн сорттоп, кабыл алат жана ээлерине берүүдөн тышкары, каржылык кызматтарды да көрсөтөт, анын ичинде акчаны накталай берүү, акча которуулар, төлөмдөрдү кабыл алуу, салыктар төлөмдөрдүн жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жана айып пулдарды кабыл алышат.

Күтүлбөгөн жерден пайда болгон оорунун кесепети, почта бөлүмүндө жогорку квалификациялуу кызматкерлер иштеп жаткандыгын, алар кандай гана кырдаалда болбосун, тапшырманы тезинен көтөрүп кете тургандыгын көрсөтүштү.
Урматтуу кесиптештер, ден-соолугуңуздарды тобокелге салып, эл үчүн жан аябастык менен иштегендигиңиздер жана ишиңиздерге жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгыңар үчүн рахмат.

Урматтуу кыргызстандыктар, өзүңө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр.

Почта кызматчылары өз ишин так аткарышууда

Өнөктөштөр