Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/07/2020
  • Просмотров: 1012

 

Пандемиядан улам келип чыккан объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, МККнын адистеринин тобу Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык жалпы жарандык паспортторун (e-Passport) киргизүү боюнча ишти улантууда. Паспорттор Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык берилет, ошол эле учурда АКШ тарабынан санкциялардын киргизилишине алып келген себептерди жоюуга боюнча да иш жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык (толук текстти бул шилтемеден көрсөңүз болот - https://kg.usembassy.gov/ru/kyrgyz-republic-designated-for-us-immigrant-and-diversity) - виза-чектөөлөр-ru /), Кыргыз Республикасына карата виза чектөөлөрү документтерде төмөнкүдөй коопсуздук чараларынын жоктугуна байланыштуу киргизилген:
- Электрондук биометрикалык паспорттордун жоктугу;
- Жоголгон же уурдалган паспорттор жөнүндө билдирүүлөр жок;
- Террористтер деп шектелгендер жөнүндө маалымат берүү боюнча иштердин жетишсиздиги.
Сөз башында:
Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында Mühlbauer ID Services GmbH конкурстун жеңүүчүсү деп табылды. 2020-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Mühlbauer ID Services (Германия) ортосунда онлайн режиминде келишимге кол коюлду.
Бүгүнкү күндө кандай иштер аткарылды:
Келишимге кол коюлгандан кийин, тараптар макулдашылган долбоорду жүзөгө ашырууга киришишти.
Планга ылайык, ИКАО талаптарына ылайык чипте жазылган маалыматтардын профилин түзүү, коопсуздук элементтеринин түрлөрүн макулдашуу боюнча иштер, суу белгилеринин, голограммалардын, коргоо жиптеринин, сезимтал элементтердин жана башка атайын  коопсуздук элементтери боюнча дизайнын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү иштери жүргүзүлдү. 
Басып чыгарылуучу дизайндын коопсуздук элементтерин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Камсыздоочу-Компания паспорттордун бланктарын даярдоо үчүн керектүү элементтерди жана материалдарды планга ылайык жеткирет. Ошол эле учурда, МКК паспортторду персонификациялоо үчүн жабдууну даярдады.
Мындан тышкары,МКК паспорттун чипиндеги маалыматтарга кол коюу үчүн, ИКАО талаптарына жооп берген коомдук ачкыч инфраструктурасын түздү. (ICAO PKI CSCA). Бул PKI учурдагы чек арадан өткөрүүчү документтердин милдеттүү атрибуты болуп саналат. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун (eID карталары) берүүдө ийгиликтүү колдонулган.
Ченемдик укуктук актылар боюнча эмне жасалып жатат:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген паспортторуна боюнча маселелерди жөнгө салуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Ведомстволор аралык жумушчу топ жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы       Кыргыз Республикасынын жарандарынын уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген паспортторуна боюнча өз ара маалымат алмашуу боюнча Регламенти иштелип чыгып  бекитилди.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген паспортторунун маалымат базасы түзүлүүдө. Регламентке ылайык, Кызмат ай сайын Кыргыз Республикасынын жарандарынын уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген паспорттору жөнүндө жыйналган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, андан ары эл аралык кылмыштуу полиция эл аралык уюмунун Башкы катчылыгына - Интерполго жөнөтүү үчүн жиберет.
Визалык чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген күбөлүктүн жана / же документтин аныктыгын ырастоо боюнча сурамдарынын аткарылышы жөнүндө келишим түзлдү.
Мындан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматы  атайын жумушчу топ түзүп, андагы адистер ички ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды изилдеп, калкты каттоо жана докумменттештирүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны талдап чыгышат, изилдөөнүн жана кийинки талдоонун натыйжасында калкты документтештирүүнүн сапаттуу жаңы стандарттары иштелип чыгып, кемчиликтер четтетилет жана инновациялар киргизилет. 
Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык паспортторунун техникалык мүнөздөмөсүн (e-Passport) бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын токтомунун долбоорун иштеп жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Уландысы болот…
Мындан ары жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө тынымсыз маалымат беребиз.
Бардык жумуштар кызматкерлердин ден-соолугун сактоо үчүн COVID-19 Республикалык штабынын сунушу боюнча аралыктан жүргүзүлөт.

 

Өнөктөштөр