Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/08/2020
  • Просмотров: 1332
Жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо номерлерин калыбына келтирүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо номерлерин калыбына келтирүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди
Жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү, ошондой эле автотранспорт каражатынын жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, талап кылынган документтердин тизмесинен төмөнкү документтер алынып салынды: 
- автотранспорт каражатынын каттоо белгиси жоголгон жери боюнча же автотранспорт каражатынын жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген маалым каттын
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалымкат
Тиешелүү документке  Кыргызской Республики Премьер-министри  Кубатбек Боронов 2020 жылдын 10 июлунда кол койгон.
Ошентип, жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү үчүн паспорт, 083 / у формасындагы ден-соолугу жөнүндө маалымкат, авто мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана айдоочунун жеке карточкасы талап кылынат.
Ал эми жоголгон мамлекеттик номер белгисин калыбына келтирүү үчүн, унаа ээсинин паспорту жана унааны каттоо күбөлүгү менен кайрылуу керек.

Өнөктөштөр