Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/08/2020
  • Просмотров: 1508
Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо эрежедери өзгөрүлдү

Кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо жана массалык түрдө даректерди өзгөртүүнү алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  жарандарды жашаган жерине каттоодо жарандын бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде идентификациядан өткөрүү, эгерде каттоо учурунда турак жайда, жакын туугандарынан тышкары, 10 жана андан ашык жарандар катталганы аныкталса, бул боюнча маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ички иштер органынын бөлүмүнө жана аймактык шайлоо комиссиясына маалымат үчүн билдирүү жиберүү бекитилди.  Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо алдында Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында каттоосун өзгөрткөн жарандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу келип чыккан.

Тийиштүү документке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду, документ расмий жарыялангандан кийин он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Ошентип, бул токтом күчүнө киргенден кийин, жашаган жеринде каттоого жарандан, ошондой эле мүлк ээсинен арыз түшкөндө, Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмүнүн адистери «Face ID» технологиясын колдонуп, арыз ээлерин бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде  идентификация кылып башташат, ал эми турак жайдын менчик ээси жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Даректер Реестринде тастыкталат.

Жарандарды жашаган жеринде каттоо «Дарек жана маалымат бюросу» автоматташтырылган маалымат тутумунда жүргүзүлөт, жарандардан арыздарды кабыл алууда, анын фамилиясынын, ысымынын, атасынын атынын шайкештиги,  издөө /кайтаруу карточкасынын бар экендиги жана КБМРде (калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри) биометрикалык маалыматынын бар экендиги текшерилет. Эгерде КБМРде биометрикалык маалыматы жок болсо, биометрикалык маалыматы кабыл алынып, каттоо даректери өзгөргөнү боюнча, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт eID-картанын чипине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Эгер арыз ээсинин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин атынан ишенимдүү адам (ишеним кат боюнча) арыз менен кайрылса, ишенимдүү адамды (адамдарды) идентификациялоо бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук болгондо, арыз ээсин жана/же кыймылсыз мүлктүн  менчик ээсин идентификациялоо талап кылынбайт.

Жашаган жеринде катталуу үчүн, жарандар паспорттору жана аскер кызматына жарактуулар (аскерге чакырылгандарга) - аскердик күбөлүгүн (аскердик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк), мурунку жашаган жеринде аскердик каттоодон алып салуу жана жаңы жашаган жеринде аскердик каттоого туруу жөнүндө маалымкат менен кайрылышы керек.

 

 

Өнөктөштөр