Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/09/2020
  • Просмотров: 1089
Мобилдүү КТБнын кызматтары арзандатылды
 
Калктын панедмия шарттарында көчмө документтештирүү кызматтарынан колдонуусун кеңейтүү максаттарында, мибилдүү КТБнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы төмөндөтүлдү.
Мобилдүү КТБ паспортту көчмө документтештирүү боюнча кызматтарды бүткүл Кыргызстан боюнча жүргүзөт (каттоого туруу, алмаштыруу, жоготуп алуу, биринчи ирет алуу, ошондой эле паспортту шашылыш тартипте 3 күндүн ичинде алуу мүмкүндүгү).
Көчмө документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы Бишкек жана Ош шаарларында 700 сомго арзандатылып, азыркы учурда бир жолу баргандыгы үчүн 911 сомду түзүп турат. Мурдараак бул кызматтын баасы 1616 сомду түзүп турган. Төмөндөө 40 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын ири шаарларында жана райондук борборлорунда кызматтын баасы ар бир адам үчүн 995 сомдон 695 сомго чейин төмөндөгөн.
Жамааттык билдирмелер ошондой эле 300 сомго чейин төмөндөгөн, 6 адамдан 10 аламга чейинки санда жарандарды тейлөө эми 547 сомду түзөт, мурдараак бул сумма 1 адам үчүн 725 сом болчу. 11 жана андан ашуун адамдар үчүн кызматтын баасы 364 сом, мурда – 725 сом эле.
Жаран кайрылган учурда мобилдүү КТБнын кызматкерлери арыз берүүчүгө турган жерине барышат жана документтерди паспорттоштуруу кызматтарын (фотокызматтары, ксерокөчүрмө, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн аппарат, касса) көрсөтүү үчүн зарыл болуучу техникалык жабдуу менен камсыздалган микроавтобустун ичинде документтерди кабыл алышат.
УАСтын ардагерлерине, биринчи топтогу майыптарга, карылар үйүндө жашаган адамдарга, жетимдерге жана балдар үчүнүн тарбиялануучуларына кызмат көрсөтүүлөр акысыз негизде жүргүзүлүшөт.
Бишкек шаары боюнча көчмө документтештирүү: 0312 586060, 0550 077594.
Кыргызстан боюнча: МККнын Call-борбору 119 (чалуу акысыз).
 

Өнөктөштөр