Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/09/2020
  • Просмотров: 1333
 «МКК кызматы» көп жүктөлгөн социалдык тиркемелердин рейтингинде

Кыргызстандагы эң көп жүктөлгөн акысыз мобилдик тиркемелердин рейтингине «МКК кызматы» тиркемесми TikTok, Facebook жана Instagram менен катарлаш 7-орунда турат.

 «Социалдык» категориясында «МКК кызматы» мобилдик тиркемесине бир айдын ичинде 500 миңден ашуун суроо-талап түшүп, 15 миңден ашык жүктөп  алуу болгон.

Популярдуу 7 акысыз социалдык тиркемелер төмөнкүдөгүдөй:

1. TikTok

2. Instagram

3. Snapchat

4. Одноклассники

5. Facebook

6. В контакте

7. «МКК кызматы»

 «МКК кызматы» тиркемеси 2020-жылдын 14-августунда ишке киргизилген. Тиркеменинин колдонуучулары паспортторун, үй-бүлөлүк абалын, жашаган жери боюнча каттоосун, «Коопсуз шаар» системасы боюнча айып пулдарды, күбөлүктүн жана дипломдун аныктыгын, «балага сүйүнчү» төлөмүнүн абалын, ЖИН-боюнча берилген арыздын абалын, автоунаалардын документтерин, ошондой эле өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат.

Бүгүнкү күндө тиркемедеги эң популярдуу суроо – «Шайлоо участогунун дарегин текшерүү» болууда.

Өнөктөштөр