Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/09/2020
  • Просмотров: 980

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн "Услуги ГРС" мобилдик тиркемесинде жаңы сервис ишке киргизилди.
Жаңы сервис "Айдоочулук күбөлүктүн даярдыгы", анын жардамы менен айдоочулук күбөлүк алууга тапшырган арыз кайсы стадияда турганын көрүүгө болот. Ошондой эле жарандар "Коопсуз шаар" системасы боюнча айып пулдарды, автоунаа күрөөдө турган-турбаганын, катталган транспорт каражаттарынын санын жана документин текшере алышат. Мындан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген документтердин макамын тастыктоо үчүн кагаз документтрдеги QR-кодду окуу үчүн тиркемеге QR-код системасы коюлду. Анын жардамы менен 2017-жылдан баштап берилген жаңы үлгүдөгү жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы (туулгандыгы жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүгүн, ажырашуу жөнүндө маалым катты), калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган маалымкаттын, ошондой эле чет элдик жарандарды каттоо боюнча берилген маалымкатты макамын текшерүүгө болот.
Тиркемеге жарандан кандай суроо болгонунун тарыхын жазуу, ошондой эле кайра байланышууну камсыз кылуу үчүн “Бизге жазыңыз” функциясы кошулду. Бул жерден жарандардан өздөрүнүн сунушун же кайрылуусун калтыра алышат. 
Тиркеме Android платформасындагы смартфондордо иштеп жатат, ал эми iOS операциялык системасын колдонгондорго жакында жеткиликтүү болот.
Мобилдик тиркеме Кызматтын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.
Электрондук порталдын мобилдик версиясы 2020-жылдын 14-августунан тартып ишке берилип, учурда аны көчүрүп алгандардын саны 20 000 ден ашты.

Биз социалдык тармакта:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

Өнөктөштөр