Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 01/10/2020
  • Просмотров: 988
«Услуги ГРС» тиркемеси iPhone шаймандарында иштеп баштады


"Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси iPhoneдо жеткиликтүү

iOS операциялык тутумдуу мобилдик шаймандарды колдонуучулар үчүн "Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси иштей баштады. Бул тиркеме акысыз, жана аны App Store'дон жүктөп ждетиштүү. Тиркеме Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком Мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Тиркеменин колдонуучулары паспорттун жарактуулугун, билими жөнүндө аттестаттын аныктыгын, шайлоо участогунун номерин жана дарегин, жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун бар экендигин жана паспорттун жана айдоочулук күбөлүктүн даярдыгын биле алышат.

QR-коддун жардамы менен Мамлкеттик каттоо кызматы тарабынан берилген кагаз түрүндөгү документтердин жана маалымкаттардын макамын текшерүүгө болот.

Керектүү маалыматты алуу үчүн документтин маалыматтарын киргизүү керек. Жооп ошол замат берилип, колдонуучулар маанилүү маалыматтарды тандалмалар катары сактап алышса болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын электродук кызматтар порталынын мобилдик версиясы үстүбуздөгү жылдын14-августунда Кыргызстандын жарандары үчүн колдонууга берилип, учурда анын жүктөп алгандардын саны 20 миңден ашты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ичинен биринчилерден болуп Apple App Storeдон өз тиркемесин расмий каттатып, iPhone ээлерине тиркемени жеткиликтүү кыла алды. «Услуги ГРС» мамлекеттик кызмат алууну женилдеткен биринчи мобилдик тиркеме. «Услуги ГРС» мамлекеттик кызмат көрсөткөн биринчи мобилдик тиркеме.

Өнөктөштөр