Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жандандырылды
12 октябрдан тартып КТБлорунда жана жарандык абалдын актыларын каттоо паспорттоштуруу жана калкты катоо бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иши жандандырылды.
Жогорку Кеңешке шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин даярдоого байланыштуу биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши 20-сентябрдан баштап токтотулган.
Жарандар жашаган же катталган жерине карабастан каалаган биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктарында биометрикалык каттоодон өтсө болот, биометрикалык каттоо акысыз жүргүзүлөт. Биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жарандар паспорттору менен кайрылышы керек.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын жарандары "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Мыйзамга ылайык, 16 жашка толгондо биометрикалык каттоодон өтүүгө милдетүү.
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды КТБна же паспорт бөлүмдөрүнө барганда санитардык нормаларды жана маска режимин сактоого чакырат.
Биз социалдык тармактарда: