Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/10/2020
  • Просмотров: 960
Бүгүн, 2020-жылдын 15-октябрында, Коомдук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү


Бүгүн, 2020-жылдын 15-октябрында, Кызматтын башчысы Акын Мамбеталиевдин катышуусунда курамында: Абдрахманов Э.Э., Токмулина Н.В., Бова Э.И., Джумакалиев М.Дж., Сурлевич В.И. жана Биккулова Р.У болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. 
Коомдук кеңештин жыйынында Кызматтын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер, атап айтканда, архивдик маалыматтарды санариптештирүү, жеке маалыматтарды коргоону күчөтүү, кадрдык маселелер жана 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн акыркы окуялардын айланасындагы кырдаал талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө МККнын жаңы жетекчилери Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө статс-катчы Санжар Жумадылов жана төраганын орун басары Тилек Дженбаев тааныштырылды. 
Коомдук кеңештин мүчөлөрү МККнын жетекчилигин Мамбеталиевди  колдой тургандыктарын билдиришип, МККнын ишмердүүлүгү боюнча баштаган демилгелерин улантуу үчүн МККнын учурдагы жетекчилигин сактап калуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана коомчулукка кайрылышты. Жетекчиликтин тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымын баалап, учурдагы жетекчилер курамы менен мындан ары туруктуу иш алып баруусуна үмүт артышты.
Коомдук кеңештин мүчөлөрү, МККнын жетекчилиги тарабынан жакшыртууну талап кылган бир катар иштер белгиленди.

 «Бүгүн Коомдук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Баарынан мурда, биргелешкен ишиңиздер үчүн, жакшы натыйжаларды алып келген жана алдыңкы форматтарды өнүктүрүүгө салым кошкон олуттуу долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган аракеттериңиз үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем "- деп, Акын Мамбеталиев Коомдук кеңешке ыраазычылыгын билдирди.

Биз социалдык тармактарда:

 Facebook

 Youtube

 Twitter

 Instagram 

Өнөктөштөр