Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 16/10/2020
  • Просмотров: 72
2020-жылдын 9 айынында, балдардын камкордугун камсыз кылган мамлекеттик органдардын кайрылуусу менен 383 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы турмуштук оор кырдаалда документ албай калган балдарды акысыз негизде документтештирүү боюнча иш алып барууда.
2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгында, ЖААК органдарына балдардын камкордугун камсыз кылган мамлекеттик органдардын кайрылуусу менен 383 баланын туулгандыгы катталып,  туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын өткөн мезгилинде ЖААК бөлүмдөрү тарабынан "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө үчүн 108464 электрондук кайрылуу катталды.
Аткарылган иштер өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

Өнөктөштөр