Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/10/2020
  • Просмотров: 108
Электрондук жалпы жарандык паспортторун киргизүү боюнча ишти улантууда.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам келип чыккан катаал шарттарга карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарына ылайык, биометрикалык маалыматтарды (ePassport) камтыган Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жалпы жарандык паспортторун киргизүү боюнча ишти улантууда.
Буга чейин, 2020-жылы 29-майында Мамлекеттик каттоо кызматы менен жеңүүчү Mühlbauer ID Services GmbH (Германия) компаниясынын ортосунда электрондук паспорттун бланкаларын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Белгилей кетүүчү жагдай, бланктарды алгандан кийин Кызмат бланктардын  стандарттык сапаты жана паспорттун корголушунун деңгээли боюнча аудит жүргүзүү үчүн эл аралык мекемелерге кайрылат. Бул чара Кыргыз Республикасынын паспортунун статусун жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн визаларды каттоого жана берүүгө ишенимин жогорулатат. Ушул убакыттын ичинде тараптар  чоң иштерди жасашты.
Учурда электрондук паспорттун дизайнынын долбоору иштелип чыгып, өндүрүштүк жасап чыгарууга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Персоналдаштыруу жабдууларын ишке киргизүү жана техникалык тейлөө боюнча келишим түзүү боюнча иштери жүргүзүлүп, электрондук паспортторду ишке киргизүү үчүн маалыматтык системалардын программалары иштелип жатат.
Ата мекендик дизайнерлердин тобу менен биргеликте улуттук стилдеги паспорттун көркөм эскизи иштелип чыккан.
 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каралууда ошондой эле коомдук талкуу үчүн ченем укук актыларынын порталында жайгаштырылды.
Маалымат үчүн:

Жаңы электрондук паспорттордун негизги артыкчылыктары - 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери, паспорттун атайын баракчасындагы электрондук чип, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды лазердик технологиялар менен басуу.

Негизги базалык функциясы өлкөлөр арасында чек аралардан өтүү болгон электрондук паспорт, бул эл аралык авиакаттамдар жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын республиканын чегинен тышкары чыгуусу үчүн маанилүү документ, бул документти киргизүү ошол эле учурда  АКШ тарабынан киргизилген санкциялардын шарттаган себептерин жоюу боюнча иштердин бир бөлүгү болуп эсептелет. 

Жаңы муундагы электрондук паспортторду киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- мамлекеттик чек арадан өткөн адамдардын каттоосун камсыз кылуу;
- чек арадагы кылмыштуулуктун, анын ичинде адам сатуунун, мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- документтерди бурмалоого жана жол жүрүү документи катары мыйзамсыз пайдаланууга каршы натыйжалуу күрөшүү;
- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында миграциялык көзөмөлдү камсыз кылуу.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

Өнөктөштөр