53 жыл ичинде борбор калаанын үйлөнүү үлпөт үйүндө 182379 жуптун никеси катталган
Жаш жубайлар арасында үйлөнүү күнү өзгөчө даталарга туш келүүсү маанилүү. Көпчүлүгү өзгөчө датанын сыйкырына ишенип, жакшылыктарга жорушат. Мындай «бактылуу» даталарда никеге тургандардын саны жыл сайын өсүп жатканы байкалат.
Кыргызстанда 2020-жылдын 10-октябрында (10.10.2020) 92 түгөйдүн никеси мамлекеттик түрдө катталган.
2020-жылдын 20-октябрында (20.10.2020) өлкө боюнча 222 түгөй никесин каттаташты.
Өткөн жылдын 19-октябрында (19.10.2019) Кыргызстанда 62 түгөйдүн никеси катталган.
Баш калаанын «Бакыт өргөөсүндө» 2020-жылы 10-октябрда (10.10.2020) 75 түгөй никеге турса, 20 октябрда (20.10.2020) – 41 жуп баш кошкон.
1967-жылдын 5-январында Тоголок-Молдо-Фрунзе дарегинде жайгашкан Фрунзе шаарынын үйлөнүү үлпөт үйү өз эшигин ачып, ошол күнү, 10 түгөй жаш жубайлар өз мамилелерин салтанаттуу түрдө каттатышкан. Ал эми азыркы иштеп жаткан «Бакыт өргөөсү» 1987-жылдан баштап жаш жубайлардын мамилелерин мыйзамдаштырып келет. Борбор шаарыбызда никени салтанаттуу каттатуу үчүн атайын уюштурулган үйлөнүү үлпөт үйлөрүндө бул убакытта 182 миң түгөйдүн никеси катталган.
Биз социалдык тармактарда: