Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/10/2020
  • Просмотров: 116
Мамлекеттик каттоо кызматынын «Carcheck» онлайн электрондук кызматы аркылуу, унаалардын маалыматын текшерүү боюнча 2,5 миллиондон ашык   сурап билүү к

 

Эми, камакка алынган же күрөөгө коюлган унааны сатып алуу тобокелдиги азайды. Унаа сатып алуунун астында, Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу, автоунаа боюнча маалыматты тез арада текшерип алса болот.

Текшерүү үчүн portal.srs.kg порталындагы «Транспорт» бөлүмүндөгү «Carcheck» кызматынан унаанын мамлекеттик номерин терүү жетиштүү.

«Carcheck» кызматы унаа жөнүндө акыркы маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Унаанын абалы жөнүндө учурдагы чектөөлөр (кепилдикте же камакта), жол эрежесин бузгандыгы боюнча төлөнбөгөн айып пулдун бар экендиги, ээлеринин боюнча маалымат, маркасы жана чыгарылган жылы жазылган модель, кыймылдаткычтын көлөмү, кузовунун түсү жана унаанын оң же сол рулдуулугу боюнча  маалыматтарды билсе болот.

Бул кызмат өлкөнүн санариптештирүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. Кызмат жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

«Carcheckтин» мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу үчүн Play Market жана App Storeдон Кызматтын «Услуги ГРС» мобилдик тиркемесин көчүрүп алса жарандарга ынгайлуу болот.

"Carcheck" кызматы 2019-жылдын 1-октябрында ишке берилип, ал аркылуу кыргызстандыктардан 2,5 миллиондон ашуун сурап билүү кайрылуулары түшкөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталы 2017-жылдан бери иштеп жатат, портал аркылуу жарандардан келип түшкөн 4 миллиондон ашык кайрылуулар иштелип чыккан.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Өнөктөштөр