Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 16/11/2020
  • Просмотров: 948
МКК электрондук айдоочу күбөлүктөрдү жана транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү киргизүү боюнча долбоор сунуштайт

Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында Бишкек шаарынын аймагында электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү ишке киргизүү пландаштырылууда.

Долбоор, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан техникалык жактан иштелип чыкса, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул долбоорду ишке ашырууда өнөктөшү болуп эсептелет.

Бул проект Бишкек шаарында сыналып бир жылдын ичинде байкоодон өтөт.

Айдоочуларды идентификациялоодо колдонулуучу программалык чечим

келечекте мобилдик тиркеме аркылуу айдоочу күбөлүктөрдүн жана транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн электрондук түрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул долбоордун ишке киргизүү үчүн мамлекеттик бюджеттен финансалык каражат талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери мурда сатып алынган планшеттерди колдонушат.

Өнөктөштөр