Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/11/2020
  • Просмотров: 68
Вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров борбор калаанын КТБ жана АвтоКТБда болду

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров калкты тейлөө борбордун жана АвтоКТБдун иши менен таанышты.

Иш сапардын максаты – мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү алкагында МКК тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшү жана натыйжалары менен таанышуу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиев МККнын инновациялык жана технологиялык процесстери, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө айтып берди.

«Бизге 2 миллиондон ашык адам ар кандай документтештирүү суроолору боюнча кайрылышат. МКК түзүлгөндөн бери тарабынан 40га жакын ар түрдүү автоматтыштырылган маалымат системалары иштелип чыккан жана ишке киргизилген, алардын ичинде «Паспорт» АМС, «Жарандык» АМС, «Санарип ID» АМС, «Айдоочулук курамды тесттен өткөрүү» АМС, «е-Kyzmat» АМС, электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы ж.б. Азыркы убакта «Инфоком» мамлекеттик ишканасында 10го жакын долбоор даярдалып жатат. Жакынкы убакта «Погранпропуск» АМС, электрондук айдоочу күбөлүгү жана электрондук транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүгү ишке киргизилет», - деп Акын Мамбеталиев белгиледи.

КРнын вице-премьер-министри МККнын калк үчүн маанилүү жана олуттуу иштерин белгилеп, ишинин артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

«МККга иштин кеңири багыттары жүктөлгөн жана анын ишине Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоо процессин документтештирөө кирет. Акыркы 11 жыл ичинде Кызмат тарабынан ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү» - деди Равшанбек Сабиров.

Унааларды документтештирүүгө жана каттоого арыз берген жарандар менен баарлашуудан кийин Равшанбек Сабиров Кызматтын калкка көрсөткөн кызматтары жакшырып, жеткиликтүү болуп, бардык процесстер автоматташтырылып, мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграциялангандыгын жогору баалады.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

Өнөктөштөр