Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/12/2020
  • Просмотров: 907
Беш жылдын ичинде 818 миң айдоочулук күбөлүк берилген

2015-жылдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн саны - 818 072 даана. Анын ичинен 809 570 даана улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк, 8502 даана эл аралык үлгүдөгү АК.

Жалпысынан, ушул жылдар аралыгында улуттук 286 196 бирдик айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылды. Ушул 5 жылда 375 709 жаран алгачкы жолу айдоочулук күбөлүк алышты. Бул жылдар аралыгында 109 508 айдоочу кайра даярдоодон өтүп, айдоочулук күбөлүктөргө ээ болушту.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылы улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр эң көп берилген - 147 226 даана.
2015-жылы кайра даярдоодон өткөн айдоочулардын саны эң көп болгон - 26 862 даана. Ошол эле жылы эң көп эл аралык айдоочулук күбөлүк берилген - 2 584 даана.

2019-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы стандарттарга ылайык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштады. Аларда коргоочу 20 элемент бар жана наркы 554,86 сомго түштү. Буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро (920 сом) болчу.

Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн баасы 246 сомду түзөт.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

Өнөктөштөр