Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 07/12/2020
  • Просмотров: 169
2021-жылы Кара-Балта жана Таласта Авто КТБ ачылат


Келерки жылы Мамлекеттик каттоо кызматы Кара-Балта жана Талас шаарларындагы  "Унаа" мамлекеттик мекемесини бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун ачууну пландаштырууда.
Учурда АвтоКТБга ишке киргизүү үчүн имараттарды оңдоо иштери башталды. Бул аймактарда Авто КТБнын ачылышы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, алардын сапатын жогорулатат жана процесстерди оптималдаштырат.
Биринчи AвтоКТБ Кыргызстандын борборунда 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап иштейт. Жыл аягына чейин шаардын батыш тарабында, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда.

Өнөктөштөр