Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/12/2020
  • Просмотров: 961

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту – идентификациялык картасына улуту жөнүндө графа киргизилди. Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков кол койду.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу максатында киргизилди.

Жогорудагы чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун идентификациялык картасында "улуту" деген графанын көрсөтүлбөгөндүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине каршы деп табылган.

Эми, бул чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары өз каалоолору менен, ID-картада улутун көрсөтө алышат.

Правительство Кыргызской Республики

Мы в социальных сетях:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

Өнөктөштөр