МККнын Штабынын маалыматтары боюнча, 9-декабрга карата 971 миң 473 киши биометрикалык каттоодон өттү.
Статистикага ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын пайыздык көрсөткүчү боюнча Ош шаары – 40,91% жана Ош облусу – 36,65% алдыда келе жатат. Нарын облусу – 31,30%, Талас облусу – 28,26%.
Бишкекте өнөктүк башталгандан бери 106 миң 667 киши биометрикалык маалыматтарын тапшырды.
10-октябрда Бишкекте Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) биометрикалык маалыматтарды топтоо башталды, бул жерде 3 комплект жабдуу орнотулду.
Мындан тышкары, “Бишкексууканал” өндүрүштүк башкармалыгында жана “Кыргыз Темир Жолу УК” мамлекеттик ишканасында, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда каттоо башталды.
Улуттук кардиология жана терапия борборунда жана Дипломатиялык академияда топтоо аяктады.
Бишкек мэриясында, Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында жана “Дордой” базарында мобилдүү топтор иштеп жатат.
№ |
Облус/шаар |
16 жаштан улуу курактагы жашоочулардын жалпы саны |
2014-жылдын 9-декабрына карата тапшыргандардын саны (бир күндүн статистикасы) |
Жалпы (өнөктүк башталган учурдан бери тапшыргандардын жалпы саны) |
Баары (тапшыргандардын саны % менен) |
Өнөктүк башталгандан бери 1 жабдууга туура келген жарандардын саны |
1. |
Бишкек шаары |
670335 |
5554 |
106697 |
15,92 |
1226 |
2. |
Ош шаары |
170224 |
3851 |
69642 |
40,91 |
1699 |
3. |
Ош облусу |
774572 |
11679 |
243173 |
36,65 |
1492 |
4. |
Нарын облусу |
185617 |
3109 |
58100 |
31,30 |
709 |
5. |
Чүй облусу |
581030 |
9622 |
150493 |
25,90 |
971 |
6. |
Ысык-Көл облусу |
316 620 |
5890 |
75822 |
23,95 |
798 |
7. |
Баткен облусу |
314 989 |
4642 |
84807 |
26,92 |
1047 |
8. |
Талас облусу |
155200 |
2972 |
44903 |
28,26 |
898 |
9. |
Жалал-Абад облусу |
715683 |
9474 |
137836 |
19,26 |
1121 |
|
|
3 884 270 |
56793 |
971473 |
25,72 |
1108 |