2021-жылдын январь айынан баштап МКК тез арада маалымдамаларды берүү боюнча жаңы кызматты сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандыгы, каттоосу, калкты документтештирүүсү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада тастыктоо үчүн прейскурантты бекитти. Кызматтын баасы 156 сомду түзөт (бир маалымдама).
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги жөнүндө маалымдама - 2 иш күндөн узак эмес;
- белгилүү бир дарек боюнча катталган жарандардын саны жөнүндө - 2 иш сааттан узак эмес;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун жарактуу жөнүндө - 2 сааттан узак эмес;
- жарандык абалдын актыларынын каттоосу жөнүндө - 3 иш күндөн узак эмес ала алат.
Кызматтардын баалары монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган жана 2021-жылдын 4-январында күчүнө кирет.
Биз социалдык тармактарда: