Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/01/2021
  • Просмотров: 1076
Майрам жана дем алыш күндөрү кечке чейин иштейбиз

Мамлекеттик каттоо кызматынын КТБлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү майрам жана дем алыш күндөрү жарандарга ID-карталарын берүү үчүн саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин иштешет.

Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тарбине  жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 2021-жылдын 7-январынан 10-январына чейин саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат. ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын https://portal.srs.kg/kg/ -электрондук кызмат көсөтүүлөр порталынан жана «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.

Буга чейин КР Өкмөтүнүн өндүрүш календарына ылайык, 7 жана 8-январь жумуш эмес, 9 жана 10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган. Келе жаткан маанилүү иш-чарага байланыштуу майрамдар жана дем алыш күндөрү жокко чыгарылды.

Өнөктөштөр