Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/01/2021
  • Просмотров: 933
«119 Call болборуна»:  жылдын алгачкы күндөрүндө 12 миң 527 чалуу болду

 

Шайлоо күнү республика боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6200 комплект техникалык каражаттар тартылат

2020-жылдын декабрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын «119 Call болборуна» шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактоо үчүн кыргызстандыктардан 20 миңге жакын чалуулар келип түшкөн.

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө 12 миң 527 чалуу түшүп, анын 10 миң 107си шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча болгон. Алдыдагы шайлоого карата «119 Call болборунун» иши күчөтүлүп, Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен толукталды. «119 Call болбору» дем алышсыз жана майрамсыз иштейт, 9 жана 10-январда, 60 тан ашык оператор чалууларды кабыл алат. «Call-борборго»  чалуулар бардык уюлдук операторлордон акысыз.

2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 4-январына чейин «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси аркылуу 80 миңден ашуун колдонуучу өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин такташты. Мобилдик тиркеме Android жана iOS платформаларындагы смартфондордун колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдыктарды даярдоо иштери дагы күчөтүлдү. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын 120 кызматкери керектүү жабдыктарды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча иштеп жатышат.

Өлкөдө боло турган шайлоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын аймактардагы бөлүмдөрүнүн 420 кызматкери тартылып жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6200 комплект жабдыктар, ошондой эле кошумча жабдыктар да даярдалды.

Өнөктөштөр