Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/01/2021
  • Просмотров: 1240
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө»

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө»
 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кыскача экскурсия
Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамы 2020-жылдын ноябрь айынан тартып күчүнө кирди. Бул документке ылайык, никеге туруу, ажырашуу, төрөлүү, аты-жөнүн өзгөртүү, өлүмдү каттоо процесстерине кызматтарды жүзөгө ашыруу үчүн бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Мыйзам документсиз кагаз жүгүртүүгө өтүүнү тездетет жана жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Мыйзамы арыз ээсинин жашаган жерине карабастан, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылууга укугун бекемдейт. Бул жаңычылык жарандарга көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
2015-жылдан баштап «ЖААК» автоматташтырылган маалымат тутуму киргизилген, ошендон бери жарандык абалдын актыларынын каттоо бирдиктүү мамлекеттик реестри жүргүзүлүп жатат. Кызматкерлер жарандык абалдын актыларын каттодо ар каттоо иштерин жүргүзүү үчүн бирдиктүү булуттуу чөйрө түзүлгөн.
Жарандардын кайрылган жерине жарандык абалдын актыларын каттоо калктын керектүү документ алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жеңилдетет.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Өнөктөштөр