Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/01/2021
  • Просмотров: 904
 2020-жыл ичинде 825 528 паспорт даярдап чыгарган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИсине караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору 2020-жыл ичинде 825 528 паспорт даярдап чыгарган.
Бул статистикага паспорттордун бардык түрлөрү кирет: жалпы жарандык, дипломаттык, кызматтык, ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карталар.
Кыргызстандын жарандарды үчүн тариздетилүүчү паспорттордун саны өткөн жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн.
2017-жылы 901 миң паспорт даярдалган. 2018-жыл ичинде бардыгы болуп 916 миң паспорт жекелештирилген. 2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган.
Ал ортодо, биометрикалык паспорттордун чыгаруунун башталышы менен, 2017-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 950 миңден ашуун eID-карталар даярдалган.
Миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген.
Эки миллионунчу eID-картаны берүү 2021-жылдын февраль айында күтүлүүдө.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Өнөктөштөр