Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/01/2021
  • Просмотров: 866
2020-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: МКК үчүн оор, бирок жемиштүү жыл (2-серия)

2020-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: МКК үчүн оор, бирок жемиштүү жыл (2-серия)

Жылдын жыйынтыктарынын экинчи сериясынын биринчи бөлүмүндө МКК алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жаңы кызматтары жана жүргүзүлүп жаткан жумуштары жөнүндө болот.

2020-жылдын март айынан баштап Кыргыз почтасынын бардык почта бөлүмдөрүндө салыктын 5 түрүн: жер салыгынын 3 түрүн, ыктыярдуу патентти жана 4-топтогу кыймылдуу мүлккө салыкты төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүк "Кыргыз почтасы", коммерциялык банктар жана Мамлекеттик салык кызматынын ортосундагы системанын интеграциялоосунан кийин пайда болду.

Өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда "Кыргыз почтасы" МИнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсияларды жана жөлөк пулдарды үйлөрүнө өз убагында жеткирип турушкан.

Жумуш агымын автоматташтыруу жана почта жөнөтмөлөрүнүн жолун көзөмөлдөө максатында өткөн жылдын июль айынан баштап "Почта байланышы" автоматташтырылган маалымат тутуму "Кыргыз почтасы" МИнын бардык филиалдарында пилоттук режимде иштей баштады.

Декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик почта кызматтары өлкөлөр ортосунда акча которууларынын жаңы " PosTransfer" кызматын ишке киргизди. Ал почта аркылуу дароо акча которууларды жасоого мүмкүндүк берет, аларды жөнөткөндө эле ошол убакта алууга болот.

Өткөн жылы ошондой эле "Кыргыз почтасы" МИнын бардык филиалдарында накталай эмес финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

 

 

Өнөктөштөр