Жарыяланган 20/01/2021

Атын жөнүн өзгөртүү
2020-жылы 19122 кыргызстандык аты-жөнүн өзгөртүшкөн.
Бул былтыркыга салыштырмалуу 9031каттоого аз, 2019-жылы - 28153 адам аты жөнүн өзгөртүшкөн.
Атын өзгөртүү үчүн арыз ээси каалаган калкты тейлөө борборуна же жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты тейлөө бөлүмүнө кайрылса болот.
Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамынын учурдагы редакциясына ылайык, аты жөнүн өзгөрткөн жарандар бир айдын ичинде паспортун алмаштыруусу керек. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүп каттатууга жол берилбейт.
Биз социалдык тармактарда: