Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/01/2021
  • Просмотров: 139
Мамлекеттик каттоо кызматы  өлкөнүн бюджетине  70 млн. сомго жакын сумманы которгон

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» МИси 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз мамномерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 млн. сомго жакын сумманы которгон. Өлкөнүн бюджетине өзгөчө айкалыштагы мамлекеттик номер белгилерин сатуудан 91% жана аталыштагы мамномерлер үчүн 100% сумма которулат.

2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.

Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер, 348 201 номер МККга караштуу «Унаа» ММи үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн даярдалып берилген.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын 1-июнунан тартып «Инфоком» МИсинин Транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борбору автомототранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин өндүрүүгө киришкен. Мурда мамномерлерди даярдоо менен менчик компания алектенип келген, кирешенин негизги бөлүгү анын өз эсебине түшүп турган.

Өнөктөштөр