Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/01/2021
  • Просмотров: 915
2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү  2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн

2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү  2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн

 

2020-жыл кыргызстандыктар үчүн татаал болду. Бирок, буга карабастан өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 174 ымыркайдын туулганды катталды.

2019 – жылы республика боюнча 173 601 наристелердин туулгандыгы катталган.

2020-жылкы көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 15 427 каттоого аз.

2020 - жылы республикада - 40 001 өлүм фактысы катталса, 2019 - жылы 33 317 адам каза болгондугу катталган.

2020-жылы 2019-жылга караганда 6684 каттоого көп.

Маалымат үчүн: «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, баланын туулгандыгы тууралу арыз бала төрөлгөн күндөн бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Туулгандыгын мамлекеттик каттоо төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат, ошондой эле баланын ата-энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) негизинде жүргүзүлөт.

Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда, баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө берүү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул көчүрмө, ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесинин (атасы же энеси) алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Өнөктөштөр