Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 25/01/2021
  • Просмотров: 1228
МККнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: онлайн-кызматтар

 

МКК 2020-жылы жарандарга интернет аркылуу алыстан кызмат көрсөтүү үчүн жаңы онлайн кызматтарды киргизүү жана иштеп жаткан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды жаңыртуу боюнча көп иштеди.

 

МККнын portal.srs.kg электрондук тейлөө порталы 3 жаңы кызмат менен толукталды: транспорттук каражатты каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдүн суммасын эсептеген онлайн-калькулятору, “балага сүйүнчү” төлөмүнүн статусун текшерүү жана жарандык абал актыларын аныктыгын тастыктоо. Учурда Порталда тест режиминде 33 онлайн-кызмат бар.

 

Мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн биринчи "Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси жасалып ишке киргизилген, анда "айдоочулар", "паспорт", "үй-бүлө жана балдар", "дарек" жана "билим берүү" категориялары боюнча 15 кызмат көрсөтүлөт. 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун алдында тиркемеде шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактоо кызматы киргизилген. QR-код окуучу куралын колдонуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын кагаз түрүндөгү документтердин жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшере аласыз.

 

Өткөн жылы корунавирус пандемиясынын айынан Экинчи Дүйнөлүк Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” жөө жүрүшү өтпөй калган. Ошондуктан МКК 2 жуманын ичинде pobeda.srs.kg электрондук жүрүшү үчүн аянтча иштеп чыкты. Катталуу башталгандан бери 10 күндүн ичинде "Өлбөс полк" онлайн жүрүшүнө катышуу үчүн 7 миңден ашык анкета алынды.

 

Сентябрь айында жеке жана юридикалык жактарга жарактуулук мөөнөтү 1 жыл болгон акысыз булуттуу санариптик электрондук кол тамга (БСЭКТ) берүү өнөктүгү башталды. Иш-чара 2021-жылдын 31-декабрына чейин созулат. Электрондук кол тамганы өлкө боюнча КТБлордон алууга болот. Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары бардык чет өлкөлүк мекемелерден ала алышат.

 

"Жарандык 2.0" автоматташтырылган маалымат тутуму экинчи этабына жаңыртылды. Бул бирдиктүү электрондук маалымат базасы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу процессин автоматташтыруу максатында арыз, фотосүрөтү жана колтамгасы электрондук түрдө тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Жарандык 2.0 системасы мындан ары өркүндөтүлгөндө мобилдик тиркеме аркылуу жарандыкка байланыштуу иштердин абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

 

МКК чек ара режими орнотулган чек ара аймагына кирүүгө электрондук уруксат берүү үчүн "Чек ара ашуусу"(Погранпропуск) АМТду иштеп чыккан. АМТ аркылуу кызыкдар бөлүмдөрдүн ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтардын portal.srs.kg порталы аркылуу электрондук кайрылууну жана мобилдик тиркеме аркылуу арыздын абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

МКК жарандардын eID-паспортторунун чипинен ачык маалыматтарды окуу үчүн мурда ишке киргизилген "KGZ eID NFC Reader" мобилдик тиркемесин жаңылады. Ал тиркеменин жаңы версиясында интерфейстин дизайны өзгөртүлүп, сапатын жогорулатуу жана колдонулушун жеңилдетүү үчүн иштөө ылдамдыгы оптималдаштырылды.

 

2020-жылы МККнын электрондук порталы аркылуу 4 миллиондон ашык суроо-талап түшкөн. Кызматтардын ичинен эң көп талап кылынган - Carcheck, ал аркылуу 3.1 миллион жолу унаа жөнүндө маалымат текшерилген. 2020-жылдын августунан декабрь айынын аягына чейин 5 ай ичинде "Услуги ГРС" мобилдик тиркемесинде 1,9 миллион жолу ар кандай маалымат суралган. Эң көп текшерилген УШКнын дареги - 1,5 миллион кайрылуу.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Өнөктөштөр