Ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан кайрымдуулук концерти
Кожомкул атындагы Спорт ордосунда таланттуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын кайрымдуулук концерти болуп өттү. Кыргыз эстрада жылдыздары ДМЧАдын демилгесин колдошту. Алар дуэт болуп, белгилүү жана популярдуу ырларды аткарышты.
Концерт «Эне Эмгеги» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган. Концерттен түшкөн каражат церебралдык шал оорусу менен майып балдардын дарылануусуна жумшалат. Социалдык жоопкерчиликти түшүнүү жана майыптарга байланыштуу долбоорлорго түрткү берүү максатында МККнын кызматкерлери өз ыктыяры менен кайрымдуулук концертин өткөрүү идеясын колдошту жана катышышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы жумушсуздук көйгөйүнүн маанилүүлүгүн эске алып, МКК алардын жардамы менен бир катар санарип программаларын ишке ашырды. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин долбоорлорун ишке ашыруу жана архивдик материалдарды санариптештирүү үчүн ДМЧАды оператор катары жумушка алган.
Бүгүнкү күндө МККнын тутумунда 36 мүмкүнчүлүгү чектелген адам иштеп жатат, анткени ведомство тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштуруу үчүн квота түзүлүп, ишке ашырылып жатат.
Биз социалдык тармактарда: