Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/02/2021
  • Просмотров: 1778
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү,байланыштуу бүгүн иштебейт

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү «Түндүкэлектро» ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу бүгүн иштебейт, ал бөлүм Төмөнкү Ала-Арча айылы, Школьный көч., 7а дареги боюнча жайгашкан. 

"Түндүкэлектро" ААКнын бригадалары бутактарды кыюу жана зымдарды тартуу менен алек. Алардын маалыматы боюнча аталган бөлүмгө саат 17.00дө электр энергиясы берилет.
Эртең, 2021-жылдын 4-февралында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмү штаттык режимде иштейт.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан түшүнүү менен мамиле жасоону суранат жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Жарандар кызматтарды алуу үчүн Ч.Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашкан АвтоКТБ жана Военно-Антоновка айылы, «Риом-авто» унаа базарында жайгашкан Бишкек шаардык башкармалыгынын аймактар аралык каттоо секторуна кайрыла алышат.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Өнөктөштөр