Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/02/2021
  • Просмотров: 3084
2021-жылдын январь айында канча чет элдик жаран катталган

2021-жылдын январь айында канча чет элдик жаран катталган

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанда 21 328 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өткөн, алардын 11191и Россия Федерациясынын жана 1426сы Казакстан Республикасынын жарандары.

Россиянын жана Казакстандыктардын Кыргыз Республикасында убактылуу болуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпашы керек.

Бирок, өлкөдө өзгөчө кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдүн киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Казакстан жана Россия Федерациясынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу кааласа, өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө кырдаал жокко чыгарылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде көрсөтүлгөн 10 күндүк мезгилдин ичинде жазалоо чаралары колдонбостон каттоо жүргүзүлөт.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Өнөктөштөр